Коом

Нарында 7 жаштагы кыз киши колдуу болуп, сөөгү айылдагы ээн калган үйдөн табылды

Облустук милициянын маалыматы боюнча секелек кыз 28-апрелде саат 15:30да мектептен чыккан бойдон үйүнө келбей калган. Ал Орто-Нура айылында жашачу. Айыл эли жабыла издеп саат 22:10дор чамасында кыздын сөөгүн ошол эле айылдагы ээн үйдүн ичинен табышкан. Анын денесинен кыйноо белгилери байкалган.

Милиция кылмышка шектүү катары мас абалында жүргөн Орто-Нура айылынын 64 жаштагы тургунун кармады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button