Коом

Спортчулардын маалымат жыйыны. Жоламан менен Мунарбек үйлөнөрүн, Мээрим эмнеге көзүнө жаш алганын айтты

Олимпиададан кайтып келген спортчулар Бишкекте маалымат жыйын өткөрдү.Анда спортчулар коомчулукту кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Урунттуу учурлары: Жоламан Шаршенбеков жана Мунарбек Сейитбек уулу быйыл үйлөнөт.

Айсулуу Тыныбекова спорттогу карьерасын жыйынтыктоо боюнча суроого ойлонуп, анан бир нече айдан кийин жооп берерин айтты. 

Мээрим Жуманазарова байге ыйгарылып жатканда бир чети кубанычтан, экинчи жагынан алтынга жетпей калгандан улам көзүнө жаш алганын билдирди.

Мунарбек Сейитбек уулу өзүнүн жеке машыктыруучусу барса жакшы болмок деп эсептейт. Ошол эле учурда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу өз милдетин мыкты аткарганын белгиледи.

Күрөш федерациясынын башчысы Мелис Турганбаев машыктыруучу эле диетолог, психолог боло аларын, кошумча адистердин кереги жок экенин айтты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button