Саясат

«Эки жүздүүлүктүн да чеги болот». Шакиев Мадумаров тууралуу пикирин айтты — ВИДЕО

«Бизде демократия — оозуна келгенин сүйлөйт. Биздин бир ораторубуз дагы айтты «бул иш-чарага келбейт элем» деп, бирок келди. Катышып отурат. Мындан эки жүздүүлүктүн чеги болот» деди төрага Нурланбек Шакиев Конституциянын 30 жылдыгына арналган жыйында.

Буга чейин депутат Адахан Мадумаров 5-майды майрам деп эсептебей турганын жана бүгүн Жогорку Кеңеште өтүп жаткан Конституция күнүн майрамдоого келгиси келбегенин билдирген.

«Мындай учурларды белгилеп коюшубуз керек. «Мен бийликке түкүрдүм» дейт, өзү бийликтин бир бутагы болгон парламенттин депутаты. Өзүнүн бетине түкүрөт. Биз ушундай ачуу-таттууну айтып коюшубуз керек»,— деди Шакиев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button