Коом

28-мартка карата аба ырайы

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 28-29-март күндөрү Кыргызстанда аба-ырайы туруксуз болот. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан жаап, карга айланат. 28-мартта тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 3…8;

Талас жергесинде түнкүсүн −1…-3, күндүз 1…6;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн −2…+3, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн −2…+3, күндүз 3…8;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −9…-14, күндүз −4…+1 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, кечке жуук карга айланат. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 5…7° болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button