Коом

Милдеттүү камсыздандыруу фондунун 2026-жылга карата бюджети аныкталды

Жогорку Кеңеш Милдеттүү камсыздандыруу фондунун 2025-2028-жылдарга карата бюджеттик мыйзам долбоорлорун үч окууда кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Жыйында «Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана «Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору каралды.

Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга бюджетинин аткарылышы жѳнүндө отчету колдоого ээ болду.

Мыйзам долбоору менен тааныштырган саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов маалымдагандай, аталган мыйзам долбоору менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга бюджети кирешелер боюнча 10 млрд 737 млн сом суммасында жана чыгашалар боюнча 10 млрд 737 млн сом суммасында бекитүү сунушталууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button