Коом

Сокулукта УКМКнын жаңы имараты капиталдык оңдоодон кийин ачылды

2023-жылдын 16-майында капиталдык оңдоодон кийин КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Сокулук райондук бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышы болуп өттү.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Ташиев К.К., УКМКнын өздүк курамы, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлер катышышты.

Жаңы имарат кызматкерлер үчүн керектүү заманбап жабдуулар менен толук жабдылган жана иштөө шарттары бардык талаптарга жооп берет.

Генерал-лейтенант Ташиев К.К. кызматкерлерди куттуктап, КР УКМК кызматкерлерине мындан ары да мамлекеттин бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн шарттар түзүлө турганын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button