ДүйнөКоомОкуялар

Түркияда ИИМдин Интерполу тарабынан ири алдамчылыкка шектелген, мурдагы жогорку кызматты ээлеген жаран кармалды

Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмүндө (Ири өлчөмдө жасалган, алдамчылык) каралган кылмыштын негизинде 55 жаштагы А.Н.га карата козголгон кылмыш иши тергелди. Аталган кылмыш ишине тиешеси бар шектүү жаран 2022-жылы Интерполдун издөө тизмесине жарыяланган.

Ошентип, А.Н. материалдык пайда табууга байланышкан жеке кызыкчылыгын көздөп, ошол кездеги мамлекеттик түзүмдөрдүн биринде турган жогорку кызмат абалынан пайдаланып, мыйзамсыз, 2,5 млн АКШ доллары өлчөмүндө комиссиялык сый акы берүү шылтоосу менен борбор калаада жайгашкан ресторанга жана шаардын ортосунда жайгашкан батирге ээлик кылып алган.

Андан соң, кыймылсыз мүлк үчүнчү жактарга жашыруун түрдө эки айлык мөөнөткө, жалпы суммасы 390 000 АКШ долларга бааланып күрөөгө коюлган. А.Н. аттуу жаран көрсөтүлгөн каражатты алып, андан соң аты-жөнүн Ы.А. деп өзгөртүп, берилген убадасын аткарбай жана каражаттарды кайтарбастан, изин белгисиз тарапка жашырып кеткен.

Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында аталган мүлк үчүнчү жактардын жеке менчигине өтүп кеткен. Мүлктү баалоо жана экспертиза борборунун корутундусуна ылайык, батир 56 000 долларга, ресторан 771 600 долларга бааланган. Жалпы келтирилген чыгым, 827 600 АКШ долларын түзгөн.

Учурда экстрадиция маселеси чечилүүдө. Тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button