Корумдуда дайынсыз жоголгон альпинисттердин сөөгү табылды

Издөө иштеринин жүрүшүндө дайынсыз жоголгон альпинисттердин тобуна тиешелүү болушу мүмкүн болгон сөөктөр табылды. Бул тууралуу 16-августта издөө операциясынын жетекчиси Александр Смирнов билдирди.
Анын айтымында, сөөктөр эртең менен кар-таш массасы көчкөн аймакта дрондон тартылган видеолордон табылган. Буга чейин бул жерден топтун мүчөлөрүнө тиешелүү жеке буюмдар да табылган.
«Кыязы булар топтун мүчөлөрү. Акыркы таануу иши сөөктөрдү түшүргөндөн кийин гана жүргүзүлөт», — деп жазган Смирнов Facebook баракчасында.
Ал альпинисттердин аты-жөнү жана башка маалыматтар азырынча ачыкка чыгарылбай турганын, үй-бүлөлөрүнө буга чейин кабар берилгенин белгилеген.
Издөө тобу тоо боорунан табылган үч альпинисттин буюмдарынын баары аркан менен байланышып турганын аныктаган. Бул алардын бир арканга байланып, чогуу жүрүшкөнүн жана бири-биринен бөлүнбөгөнүн көрсөтөт.
Смирновдун маалыматына караганда, болжол менен 5 миң 400 метр бийиктиктеги кырка тоодо кар менен таштын жаңы көчкөн жеринин изи көрүнүп турат. Буюмдар табылган жерлердин негизинде эсептелген кулап түшүү багыттары дал ушул аймакка барып такалат. Ал жерден ылдый карай бүгүн сөөктөр табылган жерге чейин из түшөт. Тоо боорунда эмне болгону азырынча белгисиз.
Аба ырайынын начарлашына байланыштуу куткаруучулардын лагери жыйналууда. Эми тартылган бардык материалдарды карап чыгып, сөөктөрдү түшүрүү операциясын даярдоо керек.
Бул аймак таш жана кар көчкү коркунучунан улам кооптуу бойдон калууда. Ошондуктан иштер башталганга чейин куткаруучулар тобокелчиликтерди баалашат.



