Коом

Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

Эртең, 30-майда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 30-майда саат 9:00дөн 20:00гө чейин Садовая көчөсү — Чүй проспектиси, Ч.Валиханов көчөсү — темир жол линиясы; 7-Апрель — Ауэзов — Исакеев — Ч.Валиханов көчөлөрү менен чектешкен аймакта, ошондой эле «Учкун» кичирайону, «Учкун» конушунда суу болбойт.

Суу “ВПУ” суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button