Спорт

Күрөш боюнча рейтингдик мелдеш: Кыргызстандык эки спортчу коло медаль тагынды

Бишкекте өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер курөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеште эки кыргызстандык спортчу коло байгеге ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Бексултан Махмудов жана Дастан Кадыров үчүнчү орунду ээлешти.

Махмудов мелдеште 97 кг салмак категориясында беттешип, 1/4 финалдан баштаган.

Алгач кытайлык балбанга 1:1 эсебинде жеңилген. Ал эми жубатуучу беттеште кытайлык балбанды, коло байге үчүн беттеште Казакстандык балбанды жеңип, 3-орунду ээледи.

Ал эми Дастан Кадыров мелдеште 63 кг салмак категориясында беттешип, 1/4 финалдан баштаган.

Алгач Өзбекстандык балбандан жеңилген. Ал эми чечүүчү беттеште Кыргызстандык Баяман Каримовду жеңип, коло байгенин ээси болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button