Окуялар

УКМК: Жалал-Абад облусунда көчөдө автожарыш уюштургандар жана катышуучулары кармалды — ВИДЕО

Облус тургундарынан, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынан келип түшкөн көптөгөн даттанууларга байланыштуу КР УКМК органдары тарабынан Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматы менен бирдикте унаа бейбаштык менен алектенген топтун мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюлду.

Бул топ ири суммадагы акча ойнотулган мыйзамсыз көчө жарышын системалуу түрдө өткөрүп келишкен. Ошол эле учурда унаабейбаштар коомдук тартипти жана жарандардын бейпилдигин одоно бузуп, жол кыймылына коркунуч туудурган көп сандаган өзгөчө кырдаалдарды жаратып, бир нече ирет жол кырсыктары катталган. Мына ушундай жарыштардын биринин кесепетинин айынан бир кырсык катталган-Жалал-Абад шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн биринин тосмосу бузулган.

Натыйжада, 2023-жылдын 2-июнунда Сузак районунун аймагында дагы бир жолу мыйзамсыз унаажарыш өткөрүү аракети токтотулуп, 34 адамдан турган топ жана 16 унаа кармалган.

Унаатранспорт каражаттарын текшерүүдө жасалма мамлекеттик номурлар аныкталып, айнекти мыйзамсыз караңгылатуу фактылары катталып, унаажарыштын айрым катышуучулары медициналык кароодон өткөндө алкоголдук ичимдиктерди ичүү фактылары аныкталган.

Бардык унаалар Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун ИИБнын айыптоочу жайына жайгаштырылып, мыйзамсыз жарыштын катышуучуларына тиешелүү профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, административдик айып салынды, — деп билдирдти УКМКнын Басма сөз кызматынан

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button