Саясат
Марлен Маматалиев спикер Нурланбек Шакиевдин суу маселеси боюнча позициясын сынга алды

Кечээ ЖК төрагасы «мэрди парламентке чакырсак эле мөңгүлөр эрип, суу көбөйүп кетпейт. Чарбалык иштерди кароого өтпөй, мыйзам долбоорлорун кабыл алалы» деп айткан.
«Мөңгүлөр эрибесе биз эмне кылалы” дейбиз. Алар эрибейт деп отура берсек болбойт. Биз маселени чечип беришибиз керек. Шаар мэриясы 2 жылдан бери өкмөткө “жаңы суу кампалар керек, жер бөлүп, каражат карап бергиле” деп кайрылып жатыптыр. Мэриянын колунан келбесе, өкмөт чечпей жатса анан ким кылыш керек? Өзүбүз киришпесек болбой калды”, — деди Маматалиев.



