Коом
Мамлекеттик цирктин директору Фархад Бекманбетов кызматтан кетти

Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин директору Фархад Бекманбетов кызматтан кетти. Бул маалыматты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен тастыкташты.
Ведомстводон Бекманбетов кызматтан өз каалоосу менен кеткендигин кошумчалашты.
Белгилей кетсек, мамлекеттик циркке Фархад Бекманбетов 2019-жылдын январь айында жетекчи болуп дайындалган.



