Коом
Кыргызстан сууну Казакстанга берип жатабы? Айыл чарба министри жооп берди

“1985-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда Чүй облусунун суу ресурстарын биргелешип пайдалануу боюнча келишим түзүлгөн. Ал боюнча суунун 42%ын казак тарап, 58%ын кыргыз тарап колдонот. Биз бул келишимди аткарышыбыз керек. Бирок биринчи орунга өзүбүздүн, кыргызстандык дыйкандардын кызыкчылыгын коебуз”, — деди Аскарбек Жаныбеков.
Министр аталган келишим боюнча суу быйыл Казакстанга бериле электигин кошумчалады.



