Коом
Коопсуздук эрежесин сактабагандыгы үчүн эки бассейн жабылат

Бишкек шаарынын Биринчи май районунда бассейндер текшерилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, комиссия 11 суу объектисин текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Түштүк-2 кичирайонундагы жана «Асема» бассейни коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы аныкталып, аларды жабуу маселеси каралат.
Белгилей кетсек, рейдге райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, акимчиликтин, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, ички иштер башкармалыгынын жана «Бишкексуучарба» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү катышты.



