Бишкекте 15-декабрда башкы жаңы жылдык балатыны жандыруу аземи өтөт

15-декабрда саат 18:30да Ала-Тоо борбордук аянтында Бишкек шаарынын башкы жаңы жылдык балатысын жандыруу аземи өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору балатыны жандыруу иш-чарасына катышса болот.
Анда конокторду майрамдык программа күтөт. Сахнада белгилүү артисттер жана эл сүйгөн ырчылар өз өнөрлөрүн тартуулашат.
Ошондой эле аянтта чоң майрамдык эс алуу жана көңүл ачуу аймагы уюштурулат: 1500 чарчы метрлик муз аянтчасы, соода дүкөнчөлөрү жана фуд-корт, этно-зона, мастер-класстар өтүүчү жай, Сантанын үйлөрү, фотозоналар жана оюн-зоок зонасы.
Мында жарандар келе жаткан жаңы жылдын атмосферасын сезип, үй-бүлөсү жана достору менен убакыт өткөрүп, майрамдык сүрөттөргө түшүп, ачык асман алдындагы концерт көрө алышат.
Эске салсак, бул жылы жаңы жылдык балатыны кооздоо жана коммуналдык чыгымдарын каржылоону демөөрчүлөр ишке ашырары айтылган.



