Коом
Wildberries аянтында кыргыз товарлары өзгөчө орунду ээледи. Бул тууралуу анын негиздөөчүсү Татьяна Бакальчук Акылбек Жапаров менен жолугушууда айтты

«Кыргыз өкмөтү чакан бизнести өнүктүрүү үчүн абдан жагымдуу шарттарды түзүп жатат, бул жеңил өнөр жайынын уникалдуу кластери. Айрыкча үйдө отурган кыз-келиндер тигүүчүлүктү гана үйрөнбөстөн, жасаган буюмдарын сатып, сооданы дагы үйрөнүшкөнү кубандырат. Бул абдан чоң иш«, — деди ал.
Wildberries жетекчиси Чүй облусунда ири логистикалык борбор курууга кызыкдар экенин билдирди. Жапаров “мамлекеттик органдардын жетекчилеринин эшиги инвесторлор үчүн 24/7 ачык” экенин белгиледи.
Бакальчук Кыргызстанга 23-июнда Бишкекте өтө турган электрондук сооданы өнүктүрүү форумуна катышуу үчүн келген.
@user2



