Коом

Кыргызстанда Ми-171 жана Ми-8 тик учактарын оңдоочу борбор ачылды

Кыргызстанда «Ак-Чий» эркин экономикалык аймагында Ми-171 жана Ми-8 тик учактарын оңдоо жана адистерди даярдоо боюнча биринчи аймактык борбор ачылды.

Долбоордун ишке ашырылышы менен Улуттук инвестициялар агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров таанышып, анын стратегиялык маанисин белгиледи.

Мекеменин маалыматына ылайык, долбоордун инвестору Россия болуп, биринчи этапта болжол менен 5 миллион доллар инвестиция салган.

«Буга чейин Кыргыз Республикасынын авиация тармагында мындай деңгээлдеги ишкана болгон эмес. Бул долбоор өлкөдө заманбап авиациялык сервистик жана окуу борборлорун түзүүгө мүмкүн экенин көрсөтөт», — деди Сабиров.

Анын айтымында, бул демилге инвестицияларды тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн технологиялык потенциалын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Учурда 15 кыргызстандык учкуч Россия Федерациясында окуудан өтүүдө. Алар окуусун аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана башка түзүмдөрдө иштешет.

Агенттик долбоорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, анын ичинде бажы жеңилдиктерин берүүгө даяр.

Кийинки этапта Ми-171 тик учагынын тренажёру жана атайын окуу класстары менен жабдылган окуу- машыгуу комплексин ачуу пландалууда. Ал жарандык авиациянын учкучтарын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Коргоо министрлигинин кызматкерлерин жана Кыргыз авиациялык институту курсанттарын даярдоого багытталат.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button