Коом
Россия Кыргызстанда инфекциялык ооруларды изилдөөчү илимий борборун курат

Бүгүн Жогорку Кеңеш министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосунда болгон макулдашууну жактырды.
Объект кыргызстандык медиктердин өтүнүчү менен салынмакчы. Ал Өзгөчө кооптуу жана карантиндик инфекциялар боюнча республикалык борбордун базасында Бишкек шаарында тургузулат.
Россия тарап жергиликтүү адистерди окутуп, борборду куруп, андан соң Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин балансына өткөрүп берет.
Өлкөдө аталган борбор ачылса коронавирус штаммын ошол жерден аныктоого болот. Буга чейин алынган анализдин үлгүлөрү Россия, Германия жана Улуу Британияга жөнөтүлчү.



