Ош облустук ички иштер башкармалыгынын туристик взводунун кызматкерлери ар дайым кызматта

2023-жылкы жайкы туристтик мезгилде Ош ОИИБдин туристик взводунун кызматкерлери тарабынан коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Буга катар аймактардагы эс алуучу жайларга барган туристердин коопсуздугу каралып, алардын коопсуздук эрежелерин сактоо зарылдыгын эскерүү менен эле катар түшүндүрүү иштери кошо жүргүзүлүп жатат.
Ошондорй эле эс алуучу жайларда туристтерге коопсуздук жана жүрүм-турум эрежелери боюнча бардык керектүү маалыматтарды жеткирилип жатат.
Буга катар, атайын байланыш телефондору, атайын визитка таркатылат. Мында туристтерге эгерде кандайдыр бир кооптуу чаралары катталса атайын көрсөтүлгөн номерлер аркылуу маалыматтарды берүү жана жардам ала алышат. Бул үчүн туристтик взводдун кызматкерлери атайын иш алып барышат.
Жыл сайын жай айларында Ош облусунун аймагына туристтердин келүүсү күчөйт. Алардын басымдуу бөлүгү Ош облусунун Алай районунун “Памир Парадайс”, Кара-Суу районунун “Чыйырчык” эс алуучу жайына,
Ноокат районунун “Карагой” жайлоосуна, “Абшыр-Ата” жана “Сахаба” эс алуу жайларына, Өзгөн районунун Өзгөн мунарасы, “Кара- Шоро” жана “Салам-Алик” эс алуу жайларына, Чоң-Алай районунун Ленин Пик чокусуна тартылышат.
Бул учурда туристик взводдун кызматкерлери ѳздѳрүнѳ бѳлүнүп берилген багыттар боюнча коомдук тартипти кѳзѳмѳлдѳшѳт.



