Коом

“Адилет соттун” кызматкерлеринин маянасы 40 миңден 120 миң сомго чейин белгиленди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалыматтык технология боюнча мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө токтомго кол койду.

Документке ылайык, маяналар сот өндүрүшү тутумун өркүндөтүү, ошондой эле мекеменин ишинин сапатын арттыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында көтөрүлдү.

КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалыматтык технология боюнча мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү

Кызмат орундун аталышыКызматтык маянанын өлчөмү (сом)
1Директор100000
2Архитектор120000
3Маалыматтык коопсуздук боюнча адис80000
4Башкы юрист55000
5Башкы бухгалтер55000
6Программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү бөлүмүнүн начальниги80000
7Бизнес-аналитик90000
8Башкы программист100000
9Программист90000
10Кенже программист65000
11Маалыматтык системаларды башкаруу бөлүмүнүн начальниги70000
12Тармактык администратор70000
13Системалык администратор70000
14Техникалык орнотуу, долбоорлоо жана тестирлөө боюнча адис50000
15Техникалык колдоо адиси40000
16Техникалык колдоонун региондук адиси40000

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button