Коом
Карышкыр 14 жылга кесилди

Мындай каймана ат менен таанымал кримтөбөл Мурсалым Умырзаков буюртма өлүм беренеси боюнча соттолгонун Чүй облустук соту билдирди.
Аны менен чогуу дагы 4 киши соттолуп, бирөө пробациялык көзөмөлгө алынды.
Алар кандай кылмыш кылышкан?
Соттон билдиришкендей, 51 жаштагы аял 30 жаштагы көңүлдөшүнүн «көзүн тазалоо» өтүнүчү менен өз баласына кайрылып, ал кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө чыккан.



