Коом

Япония тиш өстүрүүчү дары ойлоп тапты

Япониянын изилдөө тобу адамдарга жаңы тиштерди өстүрүүгө мүмкүндүк бере турган дары ойлоп табышты. Бул тууралуу япониялык The Mainichi басылмасы жазып чыкты.

Клиникалык сыноолор 2024-жылдын июлунда башталат. Ал дары сыноодон өтсө, анда тубаса тиштери жок адамдардын тишин калыбына келтирүүгө мүмкүн болот. Команда 2030-жылы жалпы колдонууга даяр кылууну максат кылууда.

Буга чейин жаныбарларга жасалган эксперименттерде алардын тиштери чыккан. Азыр дары-дармекти адам колдонгондой кылып даярдоо иштери жүрүп жатат. Биринчиден, дары тубаса факторлордон улам чоңдордун тиштеринин толук топтому жок болгон бейтаптарга арналган. Бул «адентия» деп аталат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button