Коом

УКМК: “Кадастр” мекемесинин Токмок-Чүй филиалынын кызматкерлери кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинде коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Токмок-Чүй филиалынын айрым кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Алар Жоопкерчилиги чектелген коомдордун (ЖЧК) бирине таандык болгон 1330 м2 турак жай эмес мүлктү жана 0,75 га жер тилкесин жеке баюу максатында Кыргыз Республикасынын Н.М.И. аттуу жаранына мыйзамсыз каттап жиберишкен.  

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button