Коом

Кыргызстандагы 8 регионго вакцина сактоочу кампа курулуп жатат

Кыргызстандын аймактарында вакциналарды сактоого ылайыкталган сегиз кампа курулуп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин райондор аралык борбору үчүн алты кампанын курулушу жүрүп жатат. Алар: Токтогул, Ала-Бука, Баткен, Жалал-Абад шаарларында жана Араван айылында жайгашкан. Ал эми Бишкек менен Кербен шаарларында жакынкы күндөрү курулуш иштери башталары пландалууда. Бул объектилер Дүйнөлүк банктын «COVID — 19га ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында каржыланат.

Буга чейин ушул эле долбоор менен Талас шаарындагы, Москва, Кемин жана Базар-Коргон райондорундагы вакцина сактоочу кампалар оңдоп-түзөөдөн өткөнү белгиленди.

Мындан сырткары, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментине вакциналарды сактоочу 50 муздаткыч жана 50 термоконтейнер сатып алынганы айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button