Саясат
Жасалма диплом алгандыгы аныкталып, 2 депутат мандатынан ажырады

Фархат Исмаилов («Ата-Журт — Кыргызстан») менен Фарходбек Алимжановдун («Альянс») мандатын алуу боюнча чечимди БШК бүгүн кабыл алды.
Өткөн жылдын апрель айында УКМК бул депутаттар жасалма диплом алды деп шектелип жатканын билдирген болчу.



