Окуялар

УКМК: Ысык-Көлдө “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун мүчөлөрү аныкталды — ФОТО

КР УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, Ак-Суу жана Түп райондорундагы экстремисттик ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 13 даректе уруксат берилген тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 142 даана диний адабияттар, баракчалар, брошюралар, ошондой эле 38 электрондук алып жүрүүчү, флеш-карталар, дисктер жана 28 уюлдук телефондор түрүндөгү буюм далилдери табылып алынып, процессуалдык түрдө документтештирилди, аларда Теологиялык экспертизанын жыйынтыгында “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун экстремисттик мүнөздөгү материалдары табылган.

Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (“Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу”) негизинде кылмыш иштери козголуп, керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын басма сөз борборунан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button