Окуялар

УКМК: 15 миң 500 таңгак тамекини контрабандалык жол менен Өзбекстанга алып бараткандар кармалды — ФОТО

Бул тууралуу Атайын кызматтын маалымат борборунан кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарынан тышкары товарларды мыйзамсыз алып кирүү жана алып чыгуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюунча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 4-6-июлунда Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы «Мамай» тилкесинде жана Аксы районунун Кош-Дөбө айылында 31 кутуга салынган 15 миң 500 таңгак өлчөмүндөгү (Milano маркасындагы) тамеки буюмдары түрүндөгү контрафакттык товарды Өзбекстан Республикасынын аймагына алып өтүүгө аракет кылган Кыргыз Республикасынын жарандары 1981-жылы туулган С.Н.Т. жана 1987-жылы туулган К.К.И. кармалды.

Азыркы учурда аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү (Экономикалык контрабанда) жана 239-беренеси (Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияларды акциздик маркалары жана идентификациялоо каражаттары жок жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

КР УКМК жарандарды ушул сыяктуу фактылар жана башка укук бузуулар боюнча маалыматтар болсо УКМКнын башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнүн (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 телефондоруна кайрылууну өтүнөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button