Окуялар
Велосипедчен адамды сүзүп, качып кеткен таксист кармалды

Бишкекте велосипедчен адамды сүзүп, окуя жеринен кетип калган таксинин айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, ал бүгүн, 10-июлда Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, Жол кырсыгы боюнча тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Айдоочу — 44 жаштагы Р.С. аттуу жаран. Анын унаасы айып аянтчасына токтотулган.
Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга таксинин айдоочусу велосипедчен адамды сүзүп, кетип калганы тартылган видео тараган.


