Ноокенде өз ара келишпестиктен улам чыккан чыр өлүм менен коштолду

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун ички иштер бөлүмүнө 2024-жылдын 4-сентябрь күнү таңкы маалда Кочкор-Ата шаарындагы жолдун четинде өздүгү такталбаган адамдын өлүгү жатканы боюнча маалымат түшкөн. Биринчи кароо жүргүзүү учурунда зомбулук колдонулуп өлгөнү байкалган эмес, бирок эскпертизанын жыйынтыгы менен келтирилген жаракаттар аныкталган. Анын өздүгү дагы аныкталып, ал 1988-жылы туулган М.А. экендиги маалым болгон.
Аталган кылмыш ишинин бетин ачуу максатында Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсү жана милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Анын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелген жарандын өздүгү такталып, кармалган.
Ноокен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (Ден соолукка оор залал келтирүү, этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келсе (өзгөчө оор залал)) менен кылмыш иши козголгон.
Болжол менен 2-сентябрь күнү Кочкор-Ата шаарынын тургуну 1981-жылы туулган Д.Ш. өзүнүн үйүндө жаран М.А. менен медициналык спиртин ичишип, экөөнүн ортосунда келип чыккан чырдан улам, мушташа кетишкен. Бир аз убакыт өткөндөн кийин үй ээси жаран М.А.нын каза болуп калганын байкаган. Андан соң, шектүү Д.Ш. кылмыштын изин жашыруу максатында таңкы маалда маркумдун өлүгүн өзү жашаган даректен бир көчө ылдый алып барып таштап кетип калган.
Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар далил буюмдар алынып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми, мурда бир нече жолу соттолгон шектүү Д.Ш. Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБдин УКЖна киргизилип, Ноокен райондук соту тарабынан 2 айлык мөөнөткө камакка алынды.
Иликтөө иштери уланууда.



