Жапаров менен Ташиев Базар-Коргондогу «Ак илбирс» балдар лагерин ачты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Базар-Коргон районундагы «Ак илбирс» ден соолукту чыңдоо жана балдар эс алуучу жайынын (УКМКнын карамагындагы лагерь) ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Белгилей кетсек, Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна бир күндүк иш сапар менен барды.
Эскерте кетсек бул комплекс эки жылдын ичинде курулуп бүткөн. УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен курулган, балдардын келечеги үчун, мамлекеттен бир тыйын албай, заманбап эс алуучу жайдын ачылышы мактоого татыйт. Келечек муундун туура тарбияланып, өсүшүнө салым кошкон Камчыбек Ташиев демилгелеген бир топ эс алуучу жайлар курулган. Ал эми бул лагерде толук кандуу эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Комплексте 120 орундуу жатакана, китепкана, кинотеатр, машыгуу залы, мини-футбол талаасы, спорт аянтчалары, эки бассейн жана ашкана бар.

Өкмөт башчы андан ары «Кыргызнефтегаз» ААКнын карамагындагы «Зорька» балдар лагерине барды. Ал курулуш жана оңдоо иштери соңуна чыккан корпустарды, медициналык пунктуну, жыйындар залы менен ашкананы көрүп чыкты.
Жапаров кошумча корпустун курулушу соңуна чыкканда лагерь көп сандагы балдарды кабыл ала аларын белгиледи.

«Ар бир облуста балдар үчүн жайкы лагерлерди уюштуруу керек. Себеби лагерлер балдарды тартипке көндүрөт жана каникул учурунда режимди жөнгө салууга жардам берет», — деди Жапаров.
«Зорька» балдар лагери 1964-жылы курулган. Жалпы аянты 8,32 гектарды түзөт. Бул лагерге жыл сайын 1200-1350 бала барат.



