Коом
Камчыбек Ташиев кримавторитеттер өлкөдөн чыгып кетпесе катуу жаза күтүлөрүн эскертти

Кыргызстанда бир дагы уюшкан кылмыштуу топ иштебейт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.
Ал белгилегендей, кылмыштуу топтордун бардык мүчөлөрү жоопкерчиликке тартылат.
«Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш улантылат. Биз бардык топторду жок кылабыз. Алар Кыргызстанда болбойт, бизнеске эч ким басым жасабайт. Уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери, тынч жашай албасаңар, бул жерден кеткиле. Кыргызстанда калгандардын баары жоопкерчиликке тартылат», — деди ал.



