Коом

Ысык-Көлдө 28 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деген шек менен Монголиянын жараны кармалды

Ысык-Көлдө зордуктоо аракети үчүн өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн Монголиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, түнкү болжол менен саат 01:00 чамасында Монголия мамлекетинен келген чала тааныш жаран аймакта жайгашкан эс алуу жайларынын биринде мас абалында болуп, зордуктоого аракет кылганын билдирген. Кыздын айтымында, чала таанышы бетине бир нече жолу колу менен уруп, денесине залал келтирген.

Кылмышка шектүү катары Монголиянын 36 жаштагы жараны кармалган. Бул факт Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренеси (зордуктоого аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Райондук соттун чечими менен кармалган жаранга карата, тергөө амалдары жүргүзүү мезгилинде 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынган. Учурда Ысык-Көл райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши тергелип бүтүп, соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Интерпол Улуттук борборунун өкүлдөрүнүн активдүү көмөгү менен зордуктоого аракет кылган деген шек менен кармалган 36 жаштагы жаран чындыгында 31 жаштагы Монголия мамлекетинин башка ат менен жүргөн жараны экендиги аныкталган. Ал өз өлкөсүндө бир катар алдамчылык аракеттерди жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Ошондой эле, шектүү мекендешинин паспортун мыйзамсыз алып, аны менен Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамсыз өткөндүгү аныкталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button