Коом
Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму жылдырылды

Кой-Таш окуясы боюнча 24-июлга белгиленген соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
Белгилүү болгондой, соттук отурумдун жылдырылышы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Азирет Медеровдун ооруп калганына байланыштуу деп билдирди маалымат борборунан.
Эскерте кетсек, Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму 24-июлга белгиленген эле.



