Коом

Кыргызстанда мугалимдер менен врачтар мамлекеттик кызматкерлер деп эсептелбейт

Жалпыбызга белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров   “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” ) Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду.

Мыйзам,  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесин иш жүзүнө ашыруу максатында иштелип чыккан, ага ылайык кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп саналат жана мамлекеттик тилди колдонуу тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин колдонуунун жана мамлекеттик тил саясатын жүзөгө ашыруунун укуктук негиздерин, аны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүдө мамлекеттик органдардын, мекемелердин, уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин белгилейт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин колдонууда жарандардын укуктарын камсыз кылат.

Биздин оюбузча мыйзам өз убагында кабыл алынган. Себеби, ар бир мамлекетте тил маселеси, улуттун тагдырын жана келечегин аныктоочу негизги  маселе. Ар бир эгемендүү мамлекет өз аймагындагы  мамлекеттик деп аталган тилин  эркин, Конституциягы  ылайык колдонууга укуктуу.  Буга себеп, биздин көптөгөн мекеме-уюмдарыбыз орус тили расмий тил деген шылтоого таянып, мамлекеттик тилди караманча колдонуудан чыгарган практика азыркыга чейин орун алып келатат. Бул албетте туура эмес.

Ошону менен катар, биз орус тилин расмий тил катары колдонулушун буга чейин кубаттап келгенбиз жана дагы да колдой беребиз, бирок мамлекеттик ири мекемелердин кызматкерлери мамлекеттик тилди мыкты билиши зарыл деп эсептейбиз.Анткени, баарыбыз эле көрүп жүргөндөй алар документацияны гана расмий тилде жазбастан,  мекемеге кыргыз тилинде  кайрылган жарандарга да  расмий тилде жооп берип же алардын  суроо талаптарына кайдыгер кылган учурларды байкап  эле жүрөбүз.

Ошол себептен, биз Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 19-июлда суйлөгөн сөзүн  кунт коюп угуп, ушул жагдайда өз оюбузду ачык айтууну туура таптык.

Албетте, мамлекеттик мекеме-уюмдар эн тез аралыкта эле мамлекеттик тилди практикага милдеттүү түрдө киргизсин деген талап жасалып жаткан жери жок. Ал үчүн убакыт жана реалдуу турмуш зарылчылыгы керек. Мында административдик жол менен күчкө салып, баланча  убакыт ичинде бир нече процент кыргыз тилине өтөсүнөр деген кысым жасоонун зыяндан башка пайдасы аз. Аталган мыйзамда мекеме-уюмдар 60% мамлекеттик тилде иш жүргүзсүн деген жобо да өтө калпыс кеткен. Эмне үчүн дегенде, тил маселесинде кандайдыр  цифра же пайыз менен көрсөтмө  берүү  дүйнөлүк практикада жана турмушта эч качан өзүн актаган эмес. Мына ушул   тээ Совет заманында, 1930-жылдары  жат элементтер кулакка тартылсын, башкача ойлонгондордун мынча пайызына  репрессиялык чаралар колдонулсун деген Сталиндик саясатты эске салып турган жокпу?

Биздин оюбузча, мамлекеттик тилди практикада активдүү  колдонуу табигый негизде, б.а. баскыч-баскычы менен коомдун  өнүгүүсүнө жана турмуш зарылдыгына жараша ырааттуу тартипте жүзөгө ашканы жөндүү.

С.Лавровдун мамлекеттик тилди тегиз колдонуу мугалимдер менен врачтарга милдет катары таңууланбайт деген сөзү жогоруда айтканыбызды жокко чыгарбайт. Азыр кыргыз ата-энелердин шаарда жашагандарынын басымдуу көпчүлүгү балдарын орус  класстарга берип жатканы мыйзам чыгаруучуларды ойлонтууга жана андан ары туура жайынтык чыгарууга түртүшү керек эле. Сыягы, С. Лавровго улуттук каршылыкты күчөтүүнү көздөгөн айрымдар  туура эмес маалымат жеткирген сыяктанат.

Садырбек Асанкулов, агартуучу-ардагер

(Сүрөт интернеттен алынды)

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button