Коом

Кыргыз-Өзбек өлкөлөрүнүн Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен тренингинин ачылыш аземи болду

2023-жылдын 23-июлунда 10128 аскер бөлүгүнүн базасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жана Өзбекстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын атайын багыттагы аскерлеринин жана инженердик-сапердук түзүмдөрдүн биргелешкен атайын-тактикалык «Достук 2023» сабактарынын жана тренингдеринин ачылыш аземи болуп өттү.

Биргелешкен атайын-тактикалык сабактар жана тренингдер 2023-жылдын 23-июлунан 2-августуна чейин 20636 а/б “Эдельвейс” окууп-машыгуу борборунда өтөт.

Бир жума ичинде биздин аскер кызматчылар өзбек коллегалары менен атайын багыттагы түзүмдөрдүн даярдыктарын үйрөнүшөт. Андан тышкары, планга ылайык атайын-тактикалык даярдык, тоо даярдыгы, ок атуу, байланыш боюнча жана башка сабактар уюштурулуп, инженердик-сапердук түзүмдөр үчүн атайын даярдык сабактары уюштурулат.

КР КМ маалыматтык камсыздоо башкармалыгы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button