Коом

Шашылыш билдирүү! 30-сентябрдан тартып жамгыр жаап, тоолуу аймактарда кар түшөт

Өлкөдө 30-сентябрдан 4-октябрга чейин аба ырайы өзгөрүп, мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидромет борборунан кабарлашат.

Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы:

29-30-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-сентябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

2-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

3-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-2 октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы:

28-30-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-2-3-октябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. 3-октябрда күндүз жана 4-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-октябрда күндүз жана 2-октябрда 14 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы:

28-29-30-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-сентябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

3-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жана 4-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-2 октябрда күндүз кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы:

28-30-сентябрда жана 1-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-октябрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

3-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-2-октябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы:

28-29-30-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-сентябрда күндүз тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

2-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

3-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-2 октябрда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы:

28-30-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

3-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-2 октябрда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы:

28-30-сентябрда жана 1-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

3-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-сентябрда күндүз жана 1-2-октябрда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы:

28-30-сентябрда жана 1-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

3-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-сентябрда күндүз жана 1-2-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

5-6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button