Коом

Баткенде абал туруктуу. Милиция кызматкерлери күнүмдүк тартипте иш алып барууда

Баткен районунун Ак-Сай айылындагы кечеги 24-июль кечке маал кыргыз-тажик чек арасында катталган чыр-чатак Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, денесинен жараат алган кыргыздын жаранына тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат.
Учурда бул чыр-чатакка тиешеси бар эки тараптын тең жарандарына териштирүүлөр башталды. Ал эми Ак-Сай айыл аймагындагы жарандарга коомдук тартипти сактоо жана укук бузууларга жол бербөө максатында эки өлкөнүн ортосундагы коопсуздукту камсыздоо багытында милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Азыркы убакта бул аймакта абал туруктуу милиция кызматкерлери күнүмдүк тартипте иш алып барууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button