ДүйнөКоомСаясат

Россия лидери Владимир Путин президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады

«Россияда жана Кыргызстанда согуш талааларында  баскынчыларга каршы тайманбастык менен салгылашкан аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын даңктуу эрдиктери жана  курмандыктары, ооруктагы талыкпаган эмгектери жөнүндөгү эскерүүлөр ыйык тутулат. Улуу Жеңиштин жалпы руханий мурасы бүгүнкү күндө мамлекеттерибиздин ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү үчүн ишенимдүү негиз бойдон калып жатканы маанилүү», — деген  Путиндин куттуктоосунда.

Россия лидери  өлкөдө жашап жаткан Улуу Ата Мекендик согуштун бардык ардагерлерине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорун жана терең ыраазычылык сөздөрүн айтып, аларга чың ден соолук, жакшы маанай жана узун өмүр каалаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button