Коом

Адахан Мадумаровго соттун өкүмү чыгып, эки иш боюнча күнөөлүү деп тапты

Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго өкүм чыгарды. Бул туурасында аталган соттун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, эл өкүлү күнөөлүү деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жазадан бошотулду.

Бирок соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин абактан чыгарылат. Эгер экинчи тарап жогорку инстанцияга даттанбаса, өкүм 30 күндүн ичинде күчүнө кирет.

Сот Мадумаровду Кылмыш жаза кодексинин 209 (Алдамчылык) жана 338 (Бийликтен аша чабуу) беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Мадумаров былтыр сентябрда кармалган. Эл өкүлү анда мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган болчу. Анткен менен чоо-жайы ачыкталбай келет. Бирок депутаттын өзүнүн айтымында, анын кармалышы кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу. 2009-жылы Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Кыргызстан аталган жерди тажик тараптан 49 жылга ижарага алуусу каралган протоколго кол койгону айтылып келет. Кыргызстан бул документти тааныган эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button