Коом

Тендерден 100 миң сом уурдап качып кеткен. Кыргызстандык курулуш компаниясынын директору Россиядан кармалды

Саратов облусунун прокуратурасы ишенип берилген мүлктү уурдоо фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн издөө салынган 43 жаштагы Кыргызстандын жаранын экстрадициялоо боюнча текшерүүнү аяктады. Бул тууралуу аймактык прокуратуранын сайтында жазылат.

Маалыматка ылайык, аталган жаран Кыргызстанда дагы издөөгө алынган. Айыптоочу тараптын айтымында, ал 2018-жылдын декабрь айында мекеменин негиздөөчүсү жана директору болуп туруп, балдар аянтчасынын тосмосун куруу боюнча тендерде жеңүүчү катары өзү жетектеген юридикалык жакка өткөрүп берилген 100 миң сом акча каражатын уурдап кеткен.

2023-жылы март айында Саратов облусунун Озинск районунда чек ара көзөмөлүнөн өтүп жаткан жеринен кармалган.

«Прокуратура тарабынан кармалган адамды камакка алуу боюнча чаралар көрүлүп, Кыргызстандын укук коргоо органдарына экстрадициялоо мүмкүнчүлүгү боюнча тиешелүү корутунду даярдалды», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button