Коом

Бишкекте бир күндө үч автобус кырсыктап, бир нече жүргүнчү жабыркады

Бишкекте бир күндө коомдук транспорт катышкан үч жол кырсыгы катталып, автобустарда бара жаткан бир нече жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, үч кырсыктын тең видеолорунан жеңил унаалар автобустардын жолуна чыгып, кооптуу кырдаал жаратканын көрүүгө болот.

Алгачкы кырсык Айтматов проспектинде болгон. Атайын тилке менен бара жаткан №9 автобустун алдынан Kia үлгүсүндөгү унаа өтүүгө аракет кылган. Кагылышуудан автобустагы жаш кыз жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Экинчи кырсык Айтматов жана Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде №203 автобустун катышуусунда катталган. Кагылышуудан бир аял жана 21 жаштагы кыз жаракат алып, бейтапканага жеткирилген.

Үчүнчү кырсык Чүй проспекти менен Жаш гвардия бульварынын кесилишинде болгон. №215 автобустун жолуна жеңил унаа чыга калып, кагылышкан. Автобустагы аял баласы экөө жабыркаган. Тез жардам текшергенден кийин жабыркагандар ооруканага баруудан баш тартышкан.

Жол кырсыктары боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button