Коом

Алдыңкы каптал айнектерди тонировкалоого уруксаттын баасын 25 миң сомго түшүрүү сунушталды

Айдоочулар унаанын алдыңкы каптал айнектерин тонировкалоого уруксат алуу үчүн төлөнүүчү төлөмдү азайтууну суранып жатышат. Бул тууралуу депутат Советбек Рустамбек уулу 30-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, тонировкалоого уруксат берүү боюнча акция жылына үч жолу өткөрүлөт. Учурда төлөмдүн көлөмүн дагы бир жолу төмөндөтүү пландалууда.

«Айдоочулар тонировканын баасын 25 миң сомго чейин түшүрүп, мындан ары да туруктуу ушул өлчөмдө калтырууну суранышууда», — деди депутат.

Ал мындай чечим кабыл алынса, унаасына тонировка жасатууга кызыкдарлар көбөйүп, натыйжада мамлекеттик бюджетке түшүүчү каражат да артат деген пикирин билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button