Коом

Аксыда 9 жашар баланын көзүнө тир мылтыгынын огу кирип, оң көзү агып, ок баш мээсине туруп калган

Баланын оң көзү агып түшкөнүн дарыгерлер айтты.

Turmush басылмасы окуя 2-августта болгонун жазды. Жалал-Абад облустук ооруканасынын башкы дарыгеринин айтымында, кырсык бир туугандар тир атып ойноп жаткан убакта кокусунан болгон.  

Алгач аймактык ооруканада баланын көзүн тазалап, жараатты тигип, кичи операция жасалган. Кийин ал оор абалда облустук балдар ооруканасына жөнөтүлгөн. 

Баланын көзү жана баш мээсине инфекция киргендиктен дене табы көтөрулүп кеткен. Дарыгерлер операция жасоо татаал экенин айтууда. Ошондой эле республикалык балдар бетапканасынын адистери да азырынча операция жасабай туруу кеңешин берген. 

Бала кечээ өзүнө келип, тамак жеп калган. Азыр анын абалы орто деп бааланууда. Томография гематома (уюган кан) жок экенин көрсөткөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button