Коом
Баткенде өз жанын кыйган жоокер. Чек ара кызматынын кенже сержантына иш козголду

Чек ара кызматынын кенже сержанты өз жанын кыюуга жеткирүүгө шектелип кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалымат булак кабарлады деп жазды “Спутник Кыргызстан” агенттиги.
Эске салсак, окуя Баткен облусундагы № 2022 аскер бөлүгүндө (Төрт-Гүл) участкасы) болгон.
Маалымат булак билдиргендей, шектүү 2025-жылдын 2-июнунан 19-августка чейин кызматтык абалынан аша чаап, каза болгон адамга карата зомбулук көрсөтүп келген.
Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча кылмыш ишин козгоду. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.



