Окуялар

“Алтын Балалык” реаблитациялык борборунда эс алуудагы 14 жаштагы эки кыз көлгө чөгүп, бирөөсү каза болду

Социалдык тармактын колдонуучулары Ысык-Көлдөгү «Алтын Балалык» реабилитациялык борбордо 2 кыз чөгүп, бирөөсү каза болгонун жазып чыгышты.

Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматынан окуя «Алтын Балалык» борборунун жанындагы пляжда болгонун билдиришти.

«5-августта Ысык-Көл РИИБге Тез жардам кызматынан «Алтын Балалык» эс алуу үйүнүн жанында жайгашкан пляжга эки кыз чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу ошол күнү нарындык 14 жаштагы 2 кыздын көлгө чөккөнүн, дарыгерлер сууга чөгүп кеткен кыздардын бирин аман алып калышып, ал райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат», — дешти. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button