Коом
1-сентябрдан тарта унааларды кайра каттоо онлайн жүргүзүлөт

Бул туурасында президенттик администрациянын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев билдирди.
Анын айтымында, «Унаа» мекемесинин бөлүмдөрүнө кайрылып отурбай эле машинаны алып-сатуу банк аркылуу жүргүзүлөт. Пилоттук долбоор бир жылга созулат, эгер ал жемишин берсе онлайн кайра каттоо андан ары да ишин улантат.
«Белгилүү бир чектөөлөр жана шарттары бар, аны пилоттук долбоордун жүрүшүндө жайгарууга аракет кылабыз», — деди Буржуев.



