Коом

Кадыр Кошалиев кайрадан Элдик Курултайдын төрагасы кызматын аткарууга киришти

Элдик Курултайдын Аксакалдар Кеңешинин төрагасы жана журналист Кадыр Кошалиевдин Кыргызстандын экс-жетекчилери А. Акаев жана К. Бакиев менен болгон маектерине укуктук, чыгармачылык жана саясий баа берүү боюнча Биринчи Элдик Курултайдын Регламентине ылайык түзүлгөн (№ 05; 26.05. 23) коомдук комиссиянын КОРУТУНДУСУ чыкты.


Биринчи Элдик Курултайдын делегаты, саясий серепчи Бакыт Бакетаев башында турган коомдук комиссия К.А.Кошалиевдин иш-аракетин ар тараптан кылдат изилдеп, эксперт-адистердин, юристердин, журналисттердин жана коомчулуктун пикирлерин талдап, талкууланып жаткан маселе боюнча тыянак чыгарды.
“К.Кошалиевдин журналисттик иши боюнча күнөө тага турган жагдайлар дээрлик жок экендигин, маселенин баары Курултай институтун Баш мыйзамдын талабына ылайык мыйзамдаштыруу маселеси Жогорку Кеңеште талкууланып жаткан мезгилде Элдик Курултайдын Аксакалдар Кеңешинин төрагасы катары (коомдук башталышта иштегендигине карабастан) ал тарабынан алынган интервьюлардын жарык көрүшү — абалды курчутууга себеп болгондугу, бул жагдай Элдик Курултайдын тарыхый мааниси, коомдогу орду, элдин Курултайга болгон ишеничи өзгөчө экендиги менен түшүндүрүлөт”- деп айтылат ал документте.


Аталган корутундуда К.А.Кошалиевдин өз демилгеси боюнча Кыргызстандын экс-жетекчилери А.Акаев жана К.Бакиев менен болгон интервьюлары (жалпы иштин жыйынтыгына таасир этпеген майда техникалык мүчүлүштөрдү эске албаганда) КРнын мыйзамдарына, Элдик Курултайдын Регламентине каршы келбеси жана журналисттик эрежелерди сактоо менен уюштурулгандыгы; Элдик Курултай — калыстыкты, адилеттикти, чындыкты туу туткан салттуу эл башкаруу институту катары өлкөнүн тагдырына түздөн түз тиешелүү орчундуу маселелерден кыйгап өтпөстөн, кайра талкуунун бутасына алууга милдеттүү болгондуктан, Кошалиевдин өлкөнү 10-15 жылдап башкарган адамдардын өз оозунан маалымат алуусу; кыргыз элинин абалтадан келе жаткан казына-мүлкүн иликтөө багытындагы иш-аракети, тарыхты тактоого кошкон журналисттик салымы болуп саналары; ошол эле мезгилде төрага катары өзүнүн иш-аракети жөнүндө Элдик Курултайдын Аксакалдар Кеңешинин мүчөлөрүнө убагында маалымдап койбогондугу анын кемчилиги болгондугу- адилет белгиленген.


Элдик Курултай институтун коомдук-саясий системага өз ыйгарым укуктары менен киргизүү, мыйзамдаштыруу маселесинде К.Кошалиевдин көп жылдык эмгегин жана Биринчи Элдик Курултайдын Регламентиндеги Курултайдын Аксакалдар Кеңешинин төрагасын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби жөнүндөгү 4-главадагы, төраганын ыйгарым-укуктары жөнүндөгү 5-главадагы талаптарды эске алып, жакында кабыл алынган “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзамдын негизинде жаңы чакырылган курамдын иши башталганга чейин өзүнүн ыйгарым-укуктарын уланта берүүсү максатка ылайыктуу-деген корутундуда айтылган сунуштар тийиштүү тараптарга расмий жөнөтүлдү.
Жогоруда айтылган маалыматтардын негизинде К.А.Кошалиев 2023-жылдын 11-август күнүнөн баштап, Элдик Курултайдын Аксакалдар Кеңешинин төрагасы кызматын аткарууга киришкендигин кабарлайбыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button