Окуялар

Эки наристе да көз жумду. Ысык-Көлдө жол кырсыктан сегиз адам каза болду

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу укук коргоо органдары  билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-августка караган түнү Тоң районунда Кызыл-Омол уран кенинен анча алыс эмес жерде ири жол кырсыгы катталып, BMW менен Audi бетме-бет сүзүшкөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, BMW унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып, каршы тилкеге ​​чыгып кеткен. БМВнын айдоочусу ошол жерден каза болуп, Audi унаасынын айдоочусу оор абалда ооруканага жаткырылган.

Кырсыктын кесепетинен сегиз адам каза болгон, анын ичинде бир жарым жаштагы жана беш айлык ымыркай бар. Кырсыктан дагы алты адам жабыркады. Алардын баары Балыкчы ооруканасына жаткырылып, каза болгондордун сөөгү шаардык өлүкканага жеткирилди.

Кырсык Нарын жана Ысык-Көл облустарынын чек ара тилкесинде болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button