Коом

Тамакка кошулчу татымалдардын пайдасын билесизби?

Гвоздика.  Тамак сиңирүүнү жакшыртат, ооздон чыккан жагымсыз жытты кетирет, ашказанды жана боорду чыңдайт.  Ал токсиндерди жакшы нейтралдаштырат, канды тазалайт, жүрөктү чыңдайт.  Мээдеги кан айланууну нормалдаштыруу менен эс тутумду жакшыртат.

Имбир жана сарымсак.  Салмак жоготууга өбөлгө түзөт.  Бул азыктардын курамындагы активдүү заттар тамактангандан кийин дароо эле метаболизмди көбөйтөт.  Алар организмди ысытат жана ашыкча калорияларды жок кылат.

Зире жана укроп.  Курамында жөтөл менен күрөшүүгө жардам берген заттар бар.

 Жалбыз.  Жүрөк айлануу жана баш ооруну басат.

Ашкөк.  Организмдеги ашыкча суюктукту кетирүүгө жардам берет жана тамак сиңирүүнү жакшыртат.

Анис.  Ичтин толушун азайтат.  Курамында ичеги карындарды күчөтүүчү жана өнөкөт ич катууга каршы туруучу эфир майлары бар.

Корица.  Курамында ар кандай фенолдар — табигый антиоксиданттар, денени сезгенүүдөн сактайт, ал тургай диабеттин өнүгүшүнө каршы күрөшөт.

Куркума.  Тамакка болгон табити төмөндөтөт, жаранын айыгышына шарт түзөт, антибактериалдык таасир берет.

Кардамон.  Сергитет жана дем берет.  Тамак сиңирүүнү жумшак стимулдайт.  Жүрөктү чыңдайт, жүрөк-кан тамыр ооруларындагы ооруну басат.  Мээ кан айлануусун жакшыртат, кан тамырлардын жабышуусун кетирет.  Калкан сымал бездин активдүүлүгүн төмөндөтөт.  Бронхитте какырык чыгаруучу жана спазмолитикалык таасир этет.  Чайга, кофеге, эттен жасалган тамактарга кошуңуз.

Карри.  Ал тоник касиетке ээ.  Жараны айыктырууга, пневмонияны дарылоого өбөлгө түзөт.

 Чили калемпири.  Кан тазалоочу касиетке ээ, ичегилердин чириген микрофлорасын басат, ич катууну жок кылат жана ичеги-карын мителерин өлтүрөт.  Кан айланууну күчөтөт, уюган канды жок кылат.  Тер бездерин тазалайт.  С витаминине өтө бай, диафоретикалык таасир берет.  Ал суук тийгенде колдонулат.

Кара калемпир.  Эс тутумду бекемдейт.  Мээнин кан тамырларын тазалайт, мээдеги кан айланууну нормалдаштырат, синусит, тонзелит, бронхит, жүрөк ооруларына көрсөтүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button